Среда, 24 апреля

Франция Түркияда адам өлтүргөн террористтерге медаль берди

0

Түркияда террордук уюм деп таанылган ПКК/ЙПГ тобунун мүчөлөрү Франциянын Сенатында коноктолуп, ардак медалы менен сыйланышты.

Франция Сенатында өткөрүлгөн иш-чарага негизин террор уюму ПКК/ЙПГ түзгөн SDG мүчөлөрү чакырылды. Чуулгандуу кабыл алууга көптөгөн француз сенаторлору жана саясатчылары да катышты.

Террорчуларды Франциянын Сенатында кол чабуулар менен тосуп алышты. Жыйында Франция ПКК/ЙПГга колдоосун улантаары билдирилди.

Андан дагы Франциянын Сенаты террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнө ардак медалдарын тапшырды.

Буга чейин Франциялык компаниялар да террористтик топторго колдоо көрсөтүп келишкенин мойундарына алышкан. Цемент чыгарган Француз Lafarge фирмасы 2013-2014-жылдары “Ислам мамлекети” жана ”Жабхат Ан-нусра” террордук топторуна акча бергенин мойнуна алып, АКШнын соту тарабынан 780 миллион сомго айыпка жыгылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз