Среда, 24 апреля

Бишкекте Эл аралык түрк академиясынын жыйыны өттү

0

Бүгүн, 28-мартта Бишкекте Эл аралык түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги VI жыйыны өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жыйынга Эл аралык түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Азербайжандын билим берүү жана илим министринин орун басары Идрис Исаев, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин Илим комитетинин төрагасы Дархан Ахмед-Заки, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин Билим берүү жана тартип боюнча кеңешинин төрагасы Жихад Демирли, Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги, ошондой эле боордош өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим үчүн жооптуу ведомстволордун өкүлдөрү жана эксперттери катышты.

Жыйындын башында Түрк академиясынын илимий кеңешинин төрагалыгы Казакстандан Кыргызстанга өткөрүп берилди.

Эл аралык түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев 2022-жыл үчүн аткарылган академиянын иштер тууралуу отчет берип, 2023-жылга карата долбоорлордун планы менен тааныштырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз