Пятница, 26 апреля

Милиция жарамазан айткандарды тескейт

0

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында «Кайырчы» аттуу рейд өткөрөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Рейддин максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.

«Акыркы учурларды жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда. Рейддин жүрүшүндө жолго чыгып кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат», — деп айтылат маалыматта.

Кайгуул кызматы жолго чыгып, унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандар үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси боюнча бир миң сом айып салынарын эскертет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз