Понедельник, 6 мая

Ошто 43 окуучу ууланды

0

Күн мурун Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын директору Равшан Мамедовго шилтеме берип билдирди.

Анын айтымында, 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

“Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды”, — дейт ал.

Айгерчинова азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз