Понедельник, 22 апреля

Стамбулдагы жоогазындардын кооздугун көрдүңүз беле? (Фото)

0

Жыл сайын апрель айында Стамбулда жоогазындар гүл ачат. Жапжашыл талаа, түздүктөр кызыл, сары, көк гүлдөрдү жамынып, айлана укмуштуудай кооздукка бөлөнөт.

Түркиянын баш калаасы Стамбулдун көчөлөрү, парктары да жоогазын килемдери менен кооздолот. Гүл өстүрүүчүлөр жоогазын өстүрүүнүн аквакультура ыкмасы менен Султанахмет аянтына чейин жоогазын эгип, түрдүү формадагы гүл килемдерин атайын тигип чыгышат.  Бул укмуштуудай көрүнүш жергиликтүү тургундарды да, чет элдик коноктордун көңүлүп көтөрүп, өзүнө тартып турат. Көз кубанткан кооздук, жүрөк жылыткан мындай атмосфераны сиз Стамбулдагы Эмирган коругу, Гүлхане паркы, Йылдыз коругу, Соганлы ботаникалык паркы, Бейкоз коругу, Бүйүк Чамлыжа, Күчүк Чамлыжа, Фетипаша жана Хидив коруктарынан да көрө аласыз.

Жоогазын символунун түрк искусствосу жана маданиятында өзгөчө орду бар. Тюльпандардын мекени Орто Азия болгон. Бул кооз гүлдү Анадолуга Памир тоолорунун түрктөрү алып келишкен. Түркияда жоогазынга түрк маданиятынын эң маанилүү символдорунун бири катары карашат, баалашат жана жогору баа берет.

Жоогазындар жайы ысык, кургак, кышы суук жана жазы кыска жылуу жана нымдуу, жаанчыл болгон тоолуу, талаа жана чөлдүү аймактарда өсөт. 12-кылымдан бери бул гүл кол өнөрчүлүктө декоративдик мотив катары колдонулуп келет. Осмон империясы доорунда да жоогазындар ыр, жарлык, аңгеме жана миниатюралык сүрөттөрдүн темасы катары мода болгон. Жоогазын оюмдары мечиттерде, мүрзө таштарында жана сарай жасалгаларында, ошондой эле килем жана килем оюмдарында, кафтандарда жана сеп сандыктарында, ал тургай тыйындарда, согуш каскаларында жана замбирек аткычтарында да колдонулган.

Негизинен жапайы гүл болгон жоогазындар 16-кылымда Осмон империясынын борбор шаары Стамбулда өстүрүлүп, шаарга бакча гүлдөрү катары отургузулган. Сулайман падышачылыгы доорунда жоогазындар төрт мезгилинде де тең өсүп, гүлдөп турган. Бул мезгилде жоогазын өстүрүү кеңири жайылтылып, өсүмдүктүн сорттору көбөйтүлгөн. Айрыкча калаанын символу болгон Стамбул жоогазыны ошол учурда пайда болгон. Султан Ахмет III тушунда болсо жоогазындын эки миңге жакын түрү өстүрүлүп, өтө популярдуу боло баштаган. Ушунчалык атак-даңкка жеткендиктен, 18-кылымдын башында жоогазын доору (Лале Деври) деген наам берилген.

Жоогазындын түстөрү ар кандай мааниге ээ. Маселен кызыл жоогазындар сүйүүнүн символу болсо, ак жоогазындар аруулук жана тазалыкты билдирет. Кызгылт көк гүлдөр ак сөөктүк жана романтиканы түшүндүрөт. Ал эми сары түс кубаныч жана «үмүтсүз сүйүүнү» көрсөтүп турат. Сейрек кездешүүчү кара жоогазын кол жеткис, сейректикти билдирген. Ошондой эле чаар кызгалдактар сулуу көздөрдүн символикасын түшүндүргөн.

Түрк маданиятында абдан маанилүү орунду ээлеген бул кооз гүл алгач Австриянын Вена шаарына, андан соң 15-кылымдын экинчи жарымында Нидерландияга алып келинип, Европага тараган. Нидерландияда тез эле популярдуулукка жеткен жоогазындар Канаданын борбору Оттавага алынып келинип, дүйнөгө белгилүү гүлгө айланган.

Бүгүнкү күндө Анадолунун да көп жерлеринде жоогазын түрлөрү өстүрүлөт. Алардын ичинен «инверт жоогазыны» эң популярдуу десек болот.  Инверт жоогазыны “ыйлаган келин” дегенди түшүндүрөт. Дүйнө жүзү боюнча инверт жоогазындардын 167,  эндемик жоогазындарынын болсо 43 түрү бар. Эндемик жоогазындарынын жыйырма түрүн сиз Түркиядан көрө аласыз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз