Вторник, 7 мая

Украина Орусияга каршы качан контрчабуул жасаарын айтты

0

Украинанын коргоо министри Алексей Резников украин аскерлеринин апрель жана май айларында бир нече багытта чабуул жасай ала тургандыгын билдирди.

Эстониянын Коомдук телерадиоберүү (ERR) телеканалына берген маегинде Резников Украинанын чабуулга өтүшүнө байланыштуу баа берди.

Украинанын башкы штабынын чабуулга өтүү чечимин чыгара турганын белгилеген Резников : «(Чабуул) Бул бир нече багытта пландалууда.  Эң ылайыктуу учурдун качан болоору жана кандай чечим чыгарыларына жараша болот»,-деди.

Чабуулдун аба ырайына да байланыштуу экенин айткан Резников: «Жазында жер абдан нымдуу болот. Текшерилген унаалар гана колдонулушу мүмкүн. Апрель, май айларында көрөбүз деп ойлойм. Киевде, Черниговдо, Сумиде, Харьковдо, Херсондо жасалгандай, биз убактылуу оккупацияланган жерлерибизди мындан ары да бошотууну улантабыз деп ишенем»,- деди.

Бахмут багытындагы украин аскерлеринин «Россиянын чабуул потенциалын олуттуу азайткандыгын» ырастаган Резников мунун украин күчтөрүнө «алдынкы линияны туруктуу кармап, чабуулга даярданууга» мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз