Пятница, 3 мая

Бириккен улуттар уюму Түркиянын “калдыксыз дүйнө” долбоорун колдоду

0

Түркия өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү жана туруктуу өнүгүү пландарын түзүү боюнча сунуш киргизген. Анкаранын бул сунушу БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоо таап, 30-март дүйнө жүзү боюнча “Калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнү” деп жарыяланды.

«Нөл калдык» (“Zero Waste”) долбоору менен Түркия дүйнөнү кабатырга салып турган экологиялык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун алдыга жылдырууда үлгү өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Аталган программа ысырапкорчулуктун алдын алуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, калдык, таштанды чыгарбоо, анын алдын алуу же минималдаштыруу, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүнү көздөйт.

Негизи түрк ашканасында калдыксыз жана туруктуу кулинардык практика философиясы сакталган. Тамак-аштан таштанды дээрлик чыкпайт. Ысырапкорчулукка болсо жол берилбейт. Табигый жана органикалык азыктардан жасалган тамак-аш жана вегетариандык тамак-аштар түрк дасторконунда маанилүү ролду ойноп келет. Түрк ашканасында кандай гана тамак жасалбасын ингредиенттер ысырап болбойт. Мисалы, эскирген нандан да көптөгөн тамактар ​​жасалат. Калган палоов, шорпо же күрүч пирогуна айланат. Долмаларды жасоо үчүн ашкабактын же баклажандын ичин алып салышат. Бирок эч качан таштандыга ыргытышпайт. Андан башка даамдуу тамак чыгарышат. Үй-бүлөлөр, чоң-чоң маарекелерде берилетурган тамактар миңдеген жылдардан бери жергиликтүү эл тарабынан жасалып келе жатат.

Түркияда өткөн жылы башталган Туруктуу туризм программасы жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу, маданий мурастарды өркүндөтүү, булганууну азайтуу жана ресурстарды сактоо менен бирге биологиялык ар түрдүүлүктү, экосистемаларды, жаратылыштын кооздугун коргоо багытында иш алып барууда. Туруктуу туризм долбоору 2030-жылга чейин баскычма-баскыч ишке ашырылат. Алгач туруктуу конок жай долбоорун аягына чыгаруу каралган. Туруктуу туризм программасынын талабы боюнча Түркиядагы конок үйлөрдүн баары 2023-жылдын аягына чейин 1-даражадагы Туруктуу туризм күбөлүгүн алуусу керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз