Суббота, 11 мая

Орусияда амеркалык журналист тыңчылыкка шектелип кармалды

0

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Екатеринбургда тыңчылык кылган деген айып менен кармаган америкалык The Wall Street Journal гезитинин Москвадагы кабарчысы камакка алынды.

Орусиянын маалымат агенттиктеринин маалыматына ылайык, Москванын Лефортовский сотунда жабык эшик артында өтүп жаткан сот отурумунда судья ФСБнын талабына ылайык The Wall Street Journal гезитинин Москвадагы кеңсесинде кабарчы болуп иштеген Эван Гершковичти 29-майга чейин камакта калтырууну буйруду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова сөз болуп жаткан америкалык жарандын Екатеринбургда жасаган ишинин журналистикага эч кандай тиешеси жок экенин айтып: «Тилекке каршы, «чет элдик кабарчы» статусун, журналисттик визаны жана аккредитацияны чет элдиктер тарабынан биздин өлкөдө журналисттик эмес ишмердүүлүгүн жашыруу үчүн колдонгон биринчи жолку окуя эмес. Бул кармалган биринчи белгилүү батыштык эмес», — деп айтты.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз