Вторник, 7 мая

Депутат катышкан мушташ боюнча кылмыш иши токтодубу?

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абировго карата тосмо арыз келип түштү, бирок кылмыш иши токтотулган жок. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгына карап чара көрүлөт.

Буга чейин Абиров жана Арген аттуу күзөт кызматкери элдешип, жабырлануучу эч кандай доосу жоктугун айтып кечиргени туурасында видео жарыяланган.

Ленин районунан шайланган Жаныбек Абиров мушташкан окуясы коомчулук арасында кызуу талкуу жаратканын, кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугу жок экенин айтып мандатып тапшырган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз