Пятница, 3 мая

Лукашенко: Орусиядан керек болсо стратегиялык өзөктүк курал алабыз

0

Беларус президенти Александр Лукашенко эгер зарыл болсо, Беларуска тактикалык өзөктүк курал гана эмес, стратегиялык өзөктүк курал да алып келинээрин билдирди.

Лукашенко борбор шаар Минсктеги Республика сарайында Беларус элине жана Улуттук Парламентке кайрылуу жасады.

Америка Кошмо Штаттары жана анын жандоочуларынын аракети менен Украинада толук масштабдуу согуш башталганын белгилеген Лукашенко, натыйжада Орусия  жана Украина тараптан жарым миллионго жакын адамдын жарадар болгонун, миллиондогон кишинин каза болгонун жана миллиондогон кишинин качкын болгондугун билдирди.

Лукашенко: «Үчүнчү дүйнөлүк согушу өзөктүк өрттөр менен пайда болду»,- деди жана Оруссия-Украина согушунда ок атышпоонун түзүлүшү керектигин баса белгиледи.

Лукашенко Орусия аскердик өнөр жайын толук кубаттуулукта өнүктүрө турган болсо, тынычтыктан сөз кылуунун кыйын болорун айтты.

Лукашенко Орусиянын Беларуска тактикалык өзөктүк курал жайгаштыруу планы тууралуу: «Керек болсо Орусиянын президенти Путин менен чечим чыгарып, стратегиялык  өзөктүк куралдарды бул жерге алып келебиз»,- деди. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз