Пятница, 26 апреля

Белгисиз бирөөлөр арстандын балдарын зоопаркка таштап кетишти (Фото)

0

2023-жылдын 30-мартында болжол менен саат 05:30дар чамасында Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» коомдук фондунун (зоопаркына) алдына арстандын эки баласын таштап кетишкен. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет

Маалыматка ылайык, министрликтин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери «Бугу-Эне» коомдук фондунун кызматкерлери менен биргеликте жеринен акт түзүшкөн.

«Арстандын балдарына ветеринардык кароо жүргүзүлүп, абалдары жакшы эмес экени, тактап айтканда, — бирөөсүнүн арткы буттары иштебей жатканы аныкталды. Аталган жаныбарларга толук кандуу реабилитациялык иштери жүргүзүү үчүн тиешелүү жакка өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта.

Арстандын балдарын ким таштап кеткендигин аныктоо боюнча укук коргоо органдарына башкармалык тарабынан кат жолдонду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз