Суббота, 4 мая

Орусияда мечиттин курулушуна каршы митинг уюштурулду

0

Москва шаарынын “Святое озеро” аймагында мечит курулушуна каршы акция өттү. Жергиликтүү маалымат каражаттары, митингге чыккандар “православдар үчүн ыйык болгон жерди коргоого” чыгышкан. Митингге чыккандардын арасында сөз сүйлөгөн ММА боюнча мушкер Максим Давнич “Сыйынуу жана диний ишенимибизди коргоо үчүн келдик”, — деп айтты.

Митингге катышкандар мечиттин салынуусу алардын ыйык жерин булгайт деген пикирди айтышууда. Ошондой эле алардын ою боюнча мечиттин салынуусу 10 гектар жерди ээлейт жана арасында кылмышкерлер болгон мигранттардын агымын ошол аймакка тартат.

Мурдараак бети башы чүмкөнгөн жана автомат кармаган адамдар да бул тууралуу видео кайрылуу жасап “Православ ишенимибизди булгатпайбыз” деген билдирүү таратышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз