Пятница, 22 ноября

Бишкектеги уурулуктун чоо жайы (Видео)

0

Бишкекте уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-мартта Ленин райондук милицияга К.А. аттуу жаран кайрылып, түнүндө саат 01:25те белгисиз адамдар Токтогул көчөсүндөгү кеңсеге кирип, сейфтен 600 миң сом жана баасы 46 миң сом болгон эки Adidas бут кийимин уурдап кеткенин билдирген.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 2001-жылы туулган К.И. жана 2009-жылы туулган Д.М. аттуу жарандарды кармаган. 22 жаштагы К.И. аттуу шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган, ал эми өспүрүм тилкат менен кое берилген.

Милициядан белгилешкендей, учурда К.И. аттуу шектүүнүн дагы башка 10 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз