Пятница, 3 мая

Быйыл да орозодо Израиль аскерлери Аль-Акса мечитине басып кирди

0

Израиль полициясынын Аль-Акса мечитине басып кирип, желим капталган ок жана үн бомбаларын атуусунан кийин блокададагы Газа тилкесинен Израилге карай ракеталар атылды. Газа тилкесинен Сдерот шаарын көздөй беш ракета атылганы, анын төртөө абадан коргонуу системалары тарабынан жок кылынганы маалымдалды.

Окуялар Израиль полициясынын түнү Аль-Акса аймагындагы Кыбыла мечитине баш калкалагандарга желим октор, үн бомбасы, көздөн жаш агызуучу газ жана союлдар менен кол салуусунан кийин башталганы айтылды.

Израиль полициясы Аль-Акса мечити жайгашкан Эски шаар аймагынын тегерегине аскердик күчтөрдү жөнөттү. Чыгыш Кудстун ар башка райондорунда палестиналыктар Израиль полициясына фейерверк атуу менен каршылык көрсөтүүгө аракет кылышты.

Палестина Кызылайынын билдирүүсүндө, Аль-Акса мечитинин айланасында болгон окуяларда жабыркагандарга медициналык топтор жардам бергени, 7 киши жарадар болуп экөөнүн ооруканага жеткирилгени айтылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз