Вторник, 14 мая

Министр Батырова айрым ооруканалардын жетекчилерин кызматтан алаарын айтты

0

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жума сайын өтчү жыйында айрым медициналык уюмдардын жетекчилерин эмгек келишимдерин узартпай турганын айтып зекиди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ, ФОМС) билдирди.

Маалыматта кайсы ооруканалар тууралуу сөз болгону так айтылган эмес. Бирок өткөн ишемби күнү президент Садыр Жапаров бир катар медициналык мекемелерди күтүүсүз кыдырып, жок дары-дармек үчүн министрликти сынга алган.

Өлкө башчы Онкология жана гематология улуттук борборунда, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда, Фтизиатрия улуттук борборунда бейтаптардын ата-энелеринен жана туугандарынан дары үчүн акча талап кылбоону тапшырган.

«Ушундай алешемдиктер катталып жатканда, улуттук борборлордун жетекчилери, өзүңөрдү кантип саламаттык сактоо тармагынын флагманы деп эсептейсиңер?» — деп нааразы болду министр.

Анын айтымында, менеджменттин начардыгынан, муктаждыктар жакшы талданбагандыктан ооруканаларда тендерлер өз убагында өтпөй жатат. Министр буга ММКФ каражатты өз убагында бөлүп келерин белгилеген.

«Бейтаптар керектүү нерселерди өз акчасына алууга аргасыз, мындай болбошу керек. Фармакологиялык компаниялар тендерге катышуудан баш тартып жатканын айтып нааразысыздар, башка мекемелерде ушул эле дары каражаттары запасы менен турганын кантип түшүндүрөсүңөр? Башкаруучулук жөндөмүңөр начар. Кадрлар резервине жазылгыла», — деди Баатырова.

Министр орун басарларына ишти активдештирүүнү, дарылоочу жайлардын ишин көзөмөлгө алып, республика боюнча түзүлгөн кырдаал туурасында жума сайын отчёт берип турууну тапшырды.

Тендерлерди жокко чыгаруунун жана фармкомпаниялардын ага катышуудан баш тарткан себебин аныктоо үчүн министрликтин башкармалыктары текшерүү жүргүзмөй болду.

Мындан тышкары, Баатырова облустагы координаторлорду «кабинетте отура бербей райондорго чыгып, ооруканаларга барып, маселе болсо жеринде чечип турууга» милдеттендирди.

«Кыргызфармация түзүлдү. Бир жуманын ичинде керектүү дары-дармек жана медициналык каражаттарды алууга заявка берүүгө чакырам», — деди министр.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз