Воскресенье, 28 апреля

Кыргызстанда алтындын кору канча экени белгилүү болду

0

Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев, Надира Нарматова жана Динара Ашимова маалымат жыйынын өткөрүп, “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун жалпы өндүрүшүн жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Арсланбек Малиев иликтөө ишинин жыйынтыгында уурдоо фактылары, сакталган жана сатылган алтындын саны, сапаты жана наркы боюнча маалыматтарды атайылап бурмалоо жагдайлары аныкталбагандыгын белгиледи.

2023-жылдын 26-январына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кассасындагы Кыргыз Республикасынын алтын запастарынын калдыгы 43 944,13 кг. Арсланбек Малиевдин айтымында, Улуттук банктын маалыматы боюнча Швейцариядагы UBS AG коммерциялык банкында 1362,03 кг алтын сакталууда.

“Бүгүнкү күндө алтындын жалпы кору болжол менен 47 тоннаны түзөт”, – деген комиссиянын төрагасы январь айында алтындын жалпы көлөмү 45 306,16 кг болгондугун кошумчалады.

Ал эми эл өкүлдөрү Надира Нарматова менен Динара Ашимова депутаттык комиссия Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр” кенинин, “Кыргызалтын” ААКнын нефтини кайра иштетүүчү заводунун, Кара-Балта шаарындагы “КГРК” ААКнын Борбордук илимий лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ошондой эле Улуттук банктын алтын сактоочу жайларын көрүп чыгышканын белгилешти.

Депутаттар Арсланбек Малиев менен Надира Нарматова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, депутаттык комиссия “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн кийинки алтын казуу жана аны сатуу жаатындагы ишмердүүлүгүн иликтегендигин эске салып, чарбалык ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелелер каралбагандыгына токтолушту.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында аталган убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал эми Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында комиссиянын корутундусу боюнча маалыматтар угулуп, эске алуу чечими кабыл алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз