Пятница, 3 мая

Түркияда өзгөчө согуштук кеме жасалып чыкты (Видео)

0

Дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз аппараттар конуучу кемеси жана Түркиянын эң чоң согуштук кемеси TCG Анадолу кызматка даяр. Түрк деңиз күчтөрүнүн флагманы боло турган TCG Анадолунун өз кызматын баштарына саналуу күндөр калды.

Түркиянын коргоо өнөр жайы мекемесинин төрагасы Исмаил Демир, TCG Анадолу кемесин Аскер-деңиз күчтөрүнө тапшыруу аземинин дүйшөмбү күнү өткөрүлөрүн билдирди.

Түрк деңиз флотунун сыймыгы жана эң чоң согуштук кемеси 9 миң миль аралык менен Түркиянын коопсуздугун камсыз кылат.

Мындан тышкары Түркияда 36 айдын ичинде дагы 3 улуттук фрегат курулуп, Түркиянын коргонуу мүмкүнчүлүгүн бекемдейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз