Бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгондорун эскерүү күнү. Президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү бүгүн, 7-апрелде, Апрель элдик революциясында курман болгондорду эскерди.
«Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — КП президентинин администрациясынын аетекчиси Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Замир кары Ракиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевдер катышты.
Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын Мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окуп, эскеришти.