Суббота, 4 мая

Британияда падышанын сүрөтү түшүрүлгөн акчалар басылат (Фото)

0

Британиянын королу Чарльз IIIтүн сүрөтү түшүрүлгөн 5,10, 20 жана 50 фунт стерлингдик банкноттор басылып чыгып, 2024-жылдын орто ченинде жүгүртүүгө чыгары жарыяланды.

Британия Банкы (BoE) тарабынан жасалган билдирүүдө банкноттордун дизайндары бөлүшүлдү.

Королдун портретинин банкноттордун алдыңкы тарабында жана тунук коопсуздук терезесинде көрүнө тургандыгы белгиленген билдирүүдө Ханыша Елизавет IIнин сүрөтү тартылган бардык полимер банкноттордун мыйзамдуу төлөм каражаты катары колдонуунун улантылары жана элдин буларды колдоно алары белгиленди.

Билдирүүдө королдук үй-бүлөнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, бул өзгөрүүнүн экологиялык жана каржылык таасирин минималдаштыруу максатында эскилиги жеткен банкноттордун ордуна жаңы банкноттордун басылышы жана банкнотко болгон талаптын өсүшүн камсыз кылуу үчүн, басылары, ошондуктан Ханыша Елизаветтин жана король Чарльздын сүрөтү түшүрүлгөн банкноттор бир эле учурда жүгүртүүдө болот.

Король Чарльздын таажы кийүү аземи 6-майда өтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз