Четверг, 9 мая

Америкалык инструкторлор Сирияда террористтерди машыктырууда

0

Американын аскерлерий инструкторлору Сирияда Хасеке облусунун түштүгүндөгү Шеддади районунда ЙПГ/ПКК (YPG/PKK) террориттерин машыктырды. ЙПГ/ПКК террордук уюм Сирияда өзү басып алган аймактарда Америкалык аскерий күчтөр менен машыгуусун улантууда.

10-апрелде 30 америкалык машыктыруучунун катышуусу менен Шеддади районунун түштүгүндөгү Шейх Осман айылында болжол менен 230 ЙПГ/ПКК террористине куралдуу машыгуу өткөрүлдү.

Көп сандагы  АКШ өндүрүшүнөн чыккан «Брэдли» тибиндеги бронетранспортерлор колдонулган машыгууда ЙПГ/ПККлык террористтерге снайпер, жансакчы, эвакуация жана артиллериялык аткылоо боюнча машыгуулар өткөрүлдү.

Бир тараптан АКШнын тик учактары машыгуу аянтында чалгындоо иштерин жүргүздү.

АКШ жана коалиция күчтөрү 2015-жылдан бери миңдеген ЙПГ/ПКК террористтерине куралдуу машыгууларды өткөрдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз