Пятница, 3 мая

Бул жылдагы ажылык сапардын баасы белгилүү болду

0

Быйыл кыргызстандыктар үчүн ажылык сапардын баасы 3900 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлады.

«Ажыга барууга 1000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 12-17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) ичинде РСК банктын иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 2900 доллар төлөөсү зарыл», — деп билдирди муфтияттан.

Былтыр ажылык сапардын баасы 4500 доллар болгон.

Бул жылы Меккеге 6 110 кыргызстандык бара алат, тагыраагы, ушунча сандагы квота бөлүнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз