Пятница, 26 апреля

Жапаров күрөшчү кыздарыбызды Жаңыл Мырза менен салыштырды

0

Президент Садыр Жапаров Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында байгелүү орундарды багындырган Айсулуу Тыныбекова баштаган спортчу кыздарды куттуктады.

Президент кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөткөндүгүн билдирди.

«Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди.

Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм!

Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз.

Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем.

Ошону менен катар эртең килемге чыга турган эркин күрөш боюнча балбандарыбызга ийгилик каалайм», — деди президент.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз