Суббота, 20 апреля

Стамбулдун музейлери балдарды күтөт (Фото)

0

Саякаттоо үчүн түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн, дүйнөнүн алдыңкы дестинацияларынын бири болгон Стамбул, жаш балдарды да өзүнө тарткан кооз шаар десек болот. Стамбулдагы түрдүү музейлер, балдардын маданият, санат, технология жана тарыхый билимдерин тереңдетсе, ата-энелер үчүн руханий эс алуу, кызыктуу көз ирмемдерди тартуулайт. Стамбулдагы балдар музейлери 23-апрель Түркиянын Улуттук Эгемендүүлүк жана Балдар күнүнө карата кызуу даярдыктарын көрүүдө. Балдардын Эл аралык күнү балдар жана ата-энелер үчүн Стамбулдун кызыктуу жерлерин кыдырууга, көрүүгө, изилдөөгө, тарыхый баалуулуктары менен таанышууга сонун мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат.

Рахми Коч музейи

Рахми М.Коч музейи Стамбулдагы уникалдуу жайлардын бири. Бул белгилүү тарых үйү 1994-жылы ачылган. Халичтин жээгиндеги Хаскойдо жайгашкан музей Түркиянын транспорт, өнөр жай жана байланыш тарыхын чагылдырган, көрсөтүп турган жалгыз ири музей болуп саналат. Музейге классикалык унаалар, Түркияда жасалган алгачкы трамвайлар, кайыктар, антиквардык учактар, пароходдор жана пенни-фартингдер жайгаштырылган. Коноктор илимий ойлоп табуулар жана куралдарга арналган бөлүмдөр менен да кеңири тааныша алышат. Музейдин коллекциясында Мустафа Кемал Ататүрктүн жеке буюмдары да сакталган. Рахми М. Коч музейи балдар үчүн ар кандай иш-чараларды жана мастер-класстарды үзгүлтүксүз уюштуруп келет. Балдар тарых менен таанышып, дүйнө таанымын кеңейтүү менен алек болуп жүргөндө, ата-энелер деңиз жээгиндеги кафе-ресторандарда эс алып, чер жазып кетсе болот. (http://www.rmk-museum.org.tr/istanbul/en/home-page )

Оюнчуктардын музейи

Анадолунун белгилүү райондорунун бири, Кадыкөйдөгү тарыхый сарайда жайгашкан Стамбул Оюнчук музейи түрдүү курактагы зыяратчыларды түстүү оюнчуктар дүйнөсүнө алып барат. Акын, жазуучу Сунай Акын жыйырма жылдан ашык өмүрүн арнап, убактысын коротуп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы антиквариат дүкөндөр жана аукциондордон атайын ар түрдүү оюнчуктарды чогултуп келип, зор эмгек, маңдай тер менен Оюнчуктар музейин ачкан. Музей балдар менен чогуу убакыт өткөргөн эң сонун жер. Андагы экспонаттар ата-энелер менен балдарга дүйнөлүк тарыхты кызыктуу жана эсте каларлык түрдө үйрөнүүгө  мүмкүнчүлүк жаратат. Бул жерде 1700-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки оюнчуктардын түрлөрү бар.

Кошумчалай кетсек, Стамбул Оюнчук музейи дүйнө жүзү боюнча балдар жана оюнчук музейлеринин биримдигинин түзүлүшүнө жол ачкан. Ошондой эле Стамбулга «Оюнчук музейлеринин борбору» наамын алып берген.

Миниатүрк музейи

Анадолуда балдар сүйгөн музейлердин дагы бири — бул Миниатүрк. Миниатүрк архитектуралык мурастар сакталган ири тарыхый музей болуп эсептелет. 2003-жылы «Улуу өлкөнүн кичи модели» урааны менен зыяратчыларга ачылган Миниатүрк музейин Түркиянын эң маанилүү эмгектеринин 1/25 масштабдуу макеттери коюлган уникалдуу парк десек болот.  Кербен сарайлардан комплекстерге, мечиттерге, чиркөөлөргө жана синагогаларга, байыркы имараттардан сарайларга чейинки 137 архитектуралык чыгарманын миниатюралык макеттери музейге жайгаштырылган. Миниатүрк музейинен сиз Түркиянын архитектуралык чеберчилигин көрө аласыз.

Сыйкыр музейи

Негизинен балдар сыйкыр жана иллюзияны жакшы көрүшөт эмеспи. Стамбул иллюзия музейи балдарды сыйкырлар дүйнөсүнө чакырат. Стамбул иллюзия музейи Emaar Square Mall соода борборунда жайгашкан. Музейде оптикалык иллюзияларды, голограммаларды, иллюзия туннелдерин жана зыяратчыны тескери көрсөтүп, бардык курактагы конокторго кызыктуу окуяларды тартуулаган акылдуу программалар бар. Стамбул Иллюзиялар музейи балдарга интерактивдүү жана кызыктуу саякат тартууласа, экспонаттар кабылдоо амалдары балдардын фантазиясын өстүрөт. Музейдин Infinity Room, Vortex Tunnel жана Upside-Down бөлмөсүнө баш багып, сыйкырдуу дүйнөгө саякат саякаттап кетиңиз!

(https://museumofillusions.com.tr/ )

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз