Пятница, 3 мая

Азербайжан-Армения чек арасы дагы тынч эмес

0

Азербайжан-Армения чек арасында кечээ чыккан кагылышууда Азербайжан армиясынын үч аскери курман болду.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Горус облусунун Диг аймагында жайгашкан армян аскерлеринин Лачын багытындагы Азербайжан позицияларын аткыланганы белгиленди. Билдирүүдө Армения армиясынын аткылоосунан 3 азербайжандык аскердин курман болгону кабарланды. Азербайжан армиясынын жооп кайтарганы жана армян армиясынын олуттуу жоготууга учураганы айтылды. Аймактагы абалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экени белгиленди.

Армян басма сөзүндө орун алган кабарда да армян армиясынын кагылышууда жоготууларга учурагандыгы маалымдалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз