Вторник, 30 апреля

Бишкеке жүк ташуучу унааларды киргизбөө сунушталды

0

Бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев Бишкектин ичинде чоң жүк ташуучу унааларга күндүз жүрүүгө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери Советтер Союзундагыдай түнкүсүн шаардын көчөлөрүн жууп жатышат.

«Бишкекте тазалык маселеси оңолуп бара жатат. Бирок шаарда курулуштар жүрүүдө, чоң жүк ташуучу унаалар айланып жүрөт. Алардын дөңгөлөктөрү жолдорго топурак калтырат. Кайра жолдорду тазалоого каражат кетип жатпайбы.  Күндүзү ары-бери айдап жүрбөсүн, Howo жүк ташуучу унаалар чаң көтөрүп, тыгындарды жаратат. Жүк ташуучу унаалар түнү жүргүдөй тартип киргизип бергиле. Мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө да бар», — деди Жамгырчиев.

Ал эми министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаев күндүз баары бир унаа айдабашы керектигин айтты.

«Биз муну көзөмөлдөйбүз. Ал эми дөңгөлөктөр ылай болсо, анда айып салабыз, мен өзүм көзөмөлдөйм», — деди Төрөбаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз