Пятница, 19 апреля

Япон премьерине кол салуу болду (Видео)

0

Япониянын премьер-министри Фумио Кисида эл алдында сүйлөп жаткан жерде жардыруу угулуп, өкмөт башчысы эвакуацияланганын NHK телеканалы билдирди.

Окуя Вакаяма шаарында болгон. Белгисиз бирөө Фумио Кисида тарабына “цилиндр түрүндөгү кара нерсени” ыргытып жиберген.

Полиция ал кишини дароо кармап, бир нече секунддан кийин жарылуунун үнү угулган.

Бактыга жараша премьер жабыркаган эмес, ал полициянын башкы кеңсесине эвакуацияланган. Кисида эл алдына кайра түштөн кийин чыгууну пландап жатканы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз