Четверг, 25 апреля

Бишкекте «Сайма – 2023» фестивалы өтүүдө (Фото)

0

Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чара «Кийиз дүйнө» коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышып, фестивалдын уюштуруучуларын куттуктады жана фестивалга татыктуу салым кошуп, кыргыздын байыртан бери келе жаткан сайма өнөрүн аздектеген алдыңкы уз-чеберлерге «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Министр өз сөзүндө «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун иш-аракеттери колдоого жана баалоого татыктуу экенин белгиледи.

«Кийиз дүйнө» коомдук фондунун директору Айдай Асангулова иш-чараны уюштурууну колдоого алган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу , баалуулугун артыруу, бул өнөрдү алып жүргөн кол өнөрчүлөрдү шыктандыруу экенин билгиледи.

Маалымат үчүн: Бекитилген жобого ылайык, «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалына өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катышат.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»;

2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы.

«Сайма чемпионаты – 2023» катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Эске салсак элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бул түрүн унуткарбай, мурас катары сактап калуу аракетинде 2021-жылы өткөн сайма чемпионатында 500гө жакын саймачылардын башын бириктирген. Ал эми, 2023-жылы өтө турчу маданий саамалыктын форматы кеңейтилип, жыл сайын өтүүчү фестивалга айланууда. Мындай кадам элдик кол өнөрчүлүктү сактоого жана даңазалоо карата жасалып жаткан аракеттердин бири катары саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз