Пятница, 3 мая

АКШда микрофон менен азан айтууга уруксат берилди

0

Америка Кошмо Штаттарынын Миннеаполис шаарында азанды жыл бою күнүнө беш жолу үн күчөткүч менен ачык айтууга уруксат берилди.

Миннеаполис шаардык кеңеши өлкөнүн тарыхында биринчи жолу чоң шаарда  азан айтылышына добуш берилди.

Рамазан айында өткөрүлгөн добуш берүү менен парламент өзгөчө эрте менен жана куптан намазында азандын ачык айтылуусунун алдында тоскоолдук кылып турган шаардын ызы  — чуу регламентиндеги тийиштүү чектөөчү беренелерди өзгөрттү.

Добуш берүүгө көз салган шаардын Нур мечитинин имамы Мохаммед Дукулфи: «Миннеаполис эми бардык диндер үчүн бир шаарга айланды»,- деди.

Америка-Ислам карым-катнаштары боюнча Миннесота кеңешинин (CAIR) төрагасы Жайлани Хусейн 5 маал намаз убактысынын «дин эркиндигине негизделген улуттун дүйнөгө берген убадасын аткарганын» көрсөткөндүгүн белгиледи.

Өткөн жылы шаардык кеңеш азан айтууга ачык уруксат берген, бирок ызы-чууну жөнгө салуудагы чектөөлөрдөн улам таңкы жана куптан азандарынын айтылышына тыюу салынган.

Жарым миллионго жакын калктуу Миннеаполистин шаардык кеңешинин 13 мүчөсүнүн үчөө мусулман.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз