Пятница, 3 мая

Салттуу музыкы жумалыгы өтөт (Видео)

0

Кыргызстанда 20-25-апрелде салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Быйыл он тогузунчу ирет өтүп жаткан иш-чара министрлик, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фонду жана Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулууда.

«Жумалык ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өтүп, салтуу музыка өнөрпоздорунун башын бириктирмекчи», — деп билдирет министрлик.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз