Суббота, 20 апреля

Жапаров: Бишкекте 6 миң ипотекалык үй курулууда

0

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине курган кезектеги маегинде эмне үчүн ипотекалык үйлөрдү мамлекет өзү куруп жатканын айтты.

Президент учурда Бишкекте 6 миңден ашык батир курулуп жаткандыгын билдирди.

“Региондордо дагы башталды. Мисалы: Нарында долбоору даярдалып жатат. “Кумтөр” берген акчаларына салып, Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу берели деп жатабыз. Эмне үчүн мамлекет өзү салып жатат? Эки жыл МИКке бюджеттен элге турак жай алып берүү үчүн акча бөлдүк. МИК болсо турак жайларды бир чарчы метрин 750 доллардан алып берип жатыптыр. Өзүбүз салсак бир чарчы метри 550 доллардан айланат экен. Бул деген – элге да, МИКке да пайда деген сөз. Ошондуктан мамлекет — өзүбүз колго алдык. Антпесек турак жай маселеси аябай чоң көйгөй болуп кетти. Эл үй салганга жер болуп бергиле деп туш-туштан кайрылып жатышат. Биз бир аз убакыт чыдап тургула. Силерге бөлүп берчү жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салып берели деп жатабыз. Бир кишиге берген жерге көп кабаттуу үй салсак жүз үй-бүлөнү батырат экенбиз. Ошентип жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек. Антпесек келечекте жерлер тарып, тамак-аш коопсуздугу жаралат. Келечекти кое туруп азыркыны эле айтсак, бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албайбыз”, — деди ал.

Президент өлкө аймагында түз жерлер жетишпей жатканын айтып, дан азыктар чет өлкөлөрдөн импорттолуп жатканына токтолду.

“Мен бир эле азыктын түрүн мисал келтирдим. Мындай мисалдар көп. Ошондуктан эл туура түшүнүп бир аз күтүп турушу зарыл. Региондорго да жетебиз. Баарына эле Бишкектен батир бере бербейбиз. Региондорго да көптөгөн көп кабаттуу үйлөрдү салабыз. Баткен, Ош, Жалал-Абадга, райондордун борборлоруна, кичи шаарларга салабыз. Ошондуктан МИКке кезекке туруп коё берсеңер болот. Мамлекеттик кызматкерлер эле эмес, жөнөкөй жарандар да кезекке туруп койсоңор болот. Кезек электрондук болот. Өз кезегиңди смартфонуңдан эле карап турсаң болот”, — деди өлкө башчысы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз