Пятница, 3 мая

Кыргызгидромет дагы бир эскертүү берди

0

Кыргызстандын тоолуу аймактарында үшү жүрүшү мүмкүн, деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, 19-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°, Чүй облусунун тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3 градус үшүк жүрүшү ыктымал.

17-18-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан, 18-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 17-18-апрелдерде жана 19-апрелде түнкүсүн абанын температурасы төмөндөп, 17-18-апрелдерде Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 6…11°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 5…10°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 8…13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 6…11°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай катуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз