Четверг, 2 мая

Токмоктун мэринин кармалышы (Видео)

0

Улуттук коосуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин кармалган учурдагы видеосун таратты.

Белгилей кетсек, УКМК Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендигин аныктап, кармады.

Ал күн мурун, 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз