Четверг, 25 апреля

Ош шаарынын тургундары «Amanat City Run» жарым марафонунда жарышат

0

Ош шаарында биринчи эл аралык «Amanat City Run» жарым марафону өтөт.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарыш төрт дистанциядан турат: 3 км, 10,5 км, 21 км. Ошондой эле эң кичинекей жөө күлүктөр (3 жаштан 10 жашка чейин) үчүн «Amanat Kid’s Run» балдар жарышы болот.

Иш-чара 7-майда таңкы саат 07:30да Оштогу борбордук аянтта старт алат.

Марафонго 2 миңдей адамдын катышары күтүлүүдө. Жарышка катышууну каалагандар www.nomadsport.net сайты аркылуу кирип каттала алат.

Иш-чараны «Аманат Сити» курулуш компаниясы Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз