Четверг, 2 мая

Орусиянын футбол командасы Бишкекте өтчү мелдешке катышуудан баш тартты

0

Орусиянын футбол боюнча курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) жолдоштук беттешине катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Орусия футбол союзунун башкы катчысы Максим Митрофанов айтты.

«CAFA турнирине катышпай турган болдук. Кечээ расмий кат жолдодук. Башкы себеби — оюнчуларга ашыкча күч келтирбейли дедик», — деди Митрофанов.

Буга чейин Тажикстандын футбол союзу Орусиянын курама командасы аталган турнирге катышууга макул болгонун билдирген. Андан кийин Орусия тарап команданын катышуусу жана шарты азырынча талкууланып жатканын айткан.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын биринчи чемпионаты 9-21-июнга белгиленген. Иш-чара Бишкек менен Ташкентте өтөт.

Эскерте кетсек, Орусиянын футбол союзу курама команданы CAFA кубогуна катыштыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканы айтылган. Борбор Азия мамлекеттеринин баары орусиялык команданын ойноосуна макул болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз