Четверг, 9 мая

Бүгүн өлкөбүздө Орозо айт майрамдалууда

0

Кыргызстанда бүгүн Орозо Айт майрамдалууда. Өлкө боюнча дем алыш күн деп жарыяланган. Таң эртелей өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген кишилер катышкан орозо айт намаздары окулду. Бишкек, Ош, Жалал-Абат шаарларында он миңдеген кишилер намазды борбордук аянтта окушту.

Орозо айт майрамы мусулмандар үчүн ыйык эсептелген майрамдардын бири. Отуз күндүк орозодон кийин майрамдалат. Кыргызстанда орозо айт намазына өлкөнүн расмий бийлик өкүлдөрү да катышып, жалпы мусулмандарга куттуктоо жолдошту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз