Воскресенье, 19 мая

Жакында Индия Кытайды озот

0

Бириккен Улуттар Уюмунун Калк Фондунун (UNFPA) “8 миллиард жашоо, чексиз мүмкүнчүлүктөр: укуктар жана тандоолор маселеси” аттуу “2023-жылдагы дүйнө калкынын абалынын отчету” жарыяланды.

Индиянын калкынын саны жыл ортосуна чейин 3 миллион айырма менен Кытайдан аша турганы белгиленген отчетто Индиянын калкынын санынын 1 миллиард 428 миллионго жетери болжолдонууда.

Отчетто Конго Демократиялык Республикасы, Египет, Эфиопия, Индия, Нигерия, Пакистан, Филиппин жана Танзания сыяктуу сегиз өлкөнүн 2050-жылга чейин көздөлгөн глобалдык калктын санынын жарымын түзө турганы маалымдалды.

Бириккен Улуттар Уюму калктын саны боюнча маалыматтарды чогултуп жана жарыялай баштаган 1950-жылдан бери Индиянын калкынын саны биринчи жолу Кытайдан ашып өтө турганы кабарланды.

Кытайдын калкы 1961-жылдан бери биринчи жолу 2022-жылы 800 миңге кыскарды.

Улуттук статистика бюросунун (UIB) маалыматына караганда, Кытайдын материктик бөлүгүндө калктын саны 2021-жылы 1 миллиард 412 миллион 600 миң болсо, 2022-жылы 1 миллиард 411 миллион 800 миң деп белгиленген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана социалдык иштер департаменти тарабынан жарыяланган «Дүйнө калкынын келечеги 2022» отчетунда Кытайдын калкы 2023-жылдын башынан тартып «абсолюттук кыскаруу процессине» кире турганы, ал эми Индиянын калкынын санынын өсүшү уланып дүйнөдөгү калкы эң көп өлкө катары Кытайды артта калтырат деп болжолдонгону айтылган.

Отчетто Кытайдын калкынын саны 2050-жылы 1 миллиард 317 миллионго, кылымдын аягында болсо 766 миллионго чейин азаярынын болжолдонгону билдирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз