Дүйнөлүк аскерий сарптоолор 2022-жылы 3,7 пайызга өсүп 2 триллион 240 миллиард долларга жетти.
Швецияда жайгашкан Стокгольм Эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIPRI) отчетуна караганда, бул сан бардык мезгилдердин эң жогорку көрсөткүчү катары катталды.
2022-жылдын 24-февралында башталган Орусия-Украина согушу өсүштүн себеби деп айтылууда. Согуштан эң көп жабыр тарткан Европа өлкөлөрүндөгү аскерий сарптоолор акыркы 30 жылдагы эң тез жылдык өсүштү көрсөттү.
Борбордук жана Батыш Европадагы аскердик сарптоолор 345 миллиард долларды түздү. Бул Европада кансыз согуш мезгилинен берки эң жогорку жылдык өсүш.
2022-жылы эң көп каражат сарптаган үч өлкө: АКШ, Кытай жана Орусия. Бул өлкөлөр дүйнөдөгү аскерий сарптоолордун 56 пайызын түзөт.
Орусия менен согушуп жаткан Украинанын аскердик чыгымдары 2022-жылы 640 пайызга өсүп 44 миллиард долларга жетти. 640 пайыз бир өлкөнүн аскерий сарптоолорунда катталган эң жогорку жылдык өсүш болду.