Воскресенье, 5 мая

Бишкекте дагы бир көчө бир тараптуу болду (Карта)

0

28-апрелден тарта Бишкектин Садыгалиев көчөсүнүн түштүк багытындагы А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштурулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим өткөрүү жөндөмдүүлүгүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Садыгалиев — Волкова көчөлөрү менен Дэн Сяопин проспектиси — Садыгалиев көчөсүнүн кесилиштеринде жүргүзүлгөн изилдөөлөр Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымына туруштук бере албай тургандыгын көрсөткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз