Четверг, 28 ноября

Тагдырдын барымтасындагы уйгурлар

0

“Акыркы жолу эки жыл мурда ата-энемди көргөм, ал эми бир жыл мурда алар камакка алынды деп уктум. Андан бери кабар жок. Мүмкүн Кытайдын түрмөсүндөгү кыйноого чыдабай шейит кетишкендир” — дейт Ипархан Уйгур. Өзү үй-бүлөдө жалгыз перзент. Ата-энеси жалгызынын келечегин куткаруу үчүн өздөрүн садага чаап, Ипарханды Кытайдан качырып жиберген. Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы Сүтчү Имам университетинде окуйт. Мекени Чыгыш Түркистан-Уйгур автономиялуу аймагынын Корла шаары. Ипархан менен KyrgyzNews агенттигинин Түркиядагы өкүлү Гиза Маматкулова маектешти.

KyrgyzNews: Ипархан, Түркияга кантип келип калдыңыз?

Ипархан Уйгур: Негизи уйгурлардын чет өлкөгө чыгуусуна оңой менен уруксат беришпейт. Паспорт алуу да аябай кымбат жана машакатуу. Паспорт бербеш үчүн  документтер жетишпейт деп айлап жылдап чуркатат. Мен да паспорт алуу үчүн ар кайсы полицияга, мамлекеттик органдарга өз-өзүнчө акча берип иштеримди бүтүрдүм. Ошондо да паспорт аябай күттүрдү. Түркияга баратам десем өлкөдөн такыр чыгарбайт эле. Ошондуктан Европада окуйм деп аябай көп чыгым менен Европа университетинен окууга чакыруу жаздырып өлкөдөн чыгууга уруксат алдым. Аба майданында Кытайдын полициясы бир канча саат сурака алды. Дагы бир аз болсо, учактан калып калмакмын. Алардын ниети да мени алып калуу эле. Кийинчерээк Европага эмес, Түркияга келгеним белгилүү болгон соң полиция үй-бүлөмдү кысымга алып баштады. Тынымсыз аңдуулар, сурактар болуптур.

KyrgyzNews: А эмне үчүн ата-энеңиз да сиз менен келген жок?

Ипархан Уйгур: Бир үй-бүлөдөн бир канча адам паспорт ала албайт. Ансыз деле мага аябай кыйынчылык менен паспорт берди. Ошондуктан бир гана мен келе алдым. Ачык айтканда, ата-энем жок дегенде менин келечегимди куткарып калалы дешти.

Андан кийин Кытай тууралуу кымындай маалыматты Түркиядагыларга айтсам, ата-энемди камакка алаарын айтып эскертишиптир. Ата-энемди аябай коркутуп койсо керек, алар менден Түркиядагы Уйгурлардан алыс жүр, билим алгандан тышкары эч нерсеге аралашпа деп кабарлашкан сайын тынымсыз жалынышчу.

KyrgyzNews: Эмне үчүн Европаны эмес, Туркияны тандадыңыз?

Ипархан Уйгур: Түрк болгонум үчүн. Түрк атанын балдарыбыз да биз. Түркия менин экинчи мекеним. Тегим, дилим, тилим бир. Европага болсо ишенбейм. Чыгыш Түркистанда Кытайдын кыйноолоруна чыдоо мүмкүн эмес эле.

KyrgyzNews: Ата-энеңиз менен байланышып турасызбы?

Ипархан Уйгур: Акыркы жолу эки жыл мурда көрдүм. Бир жыл мурда камакка алыныптыр. Полиция менин кайтып келүүмдү талап кылды. Бирок, чет өлкөдөн кайткандарды, айрыкча Түркиядан кайткандарды аба майданына коноору менен күнөөсү барбы жокпу териштирбей эле камакка алышат. Туугандарына анын каерде, эмне кылып аткандыгы тууралуу маалымат да бербейт. Аны сураштырбагыла, эч кимге айтпагыла деп коркутат. Андыктан мен да кайтып бара албадым. Ата-энем кандай абалда экенин билбейм. Кудай сактасын, мүмкүн Кытайдын кыйноосуна чыдабай түрмөдө шейит кетишти…

KyrgyzNews: Азыр Кытайда эмнелер болуп жатат?

Ипархан Уйгур: Биринчиси бул өлкөдөн сыртка чыгууга тоскоол болуу. Эки жыл мурда Кытай өкмөтү баардык уйгурлардын паспортторун чогултуп алып, өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды. Чет жакта балдары же туугандары бар үй-бүлөлөр катуу тартипте текшерилип, көзөмөлгө алынып баштады.

Экинчиси Кытай бийлиги болушунча байланышты чектөөгө аракет кылууда. Балдары, туугандары менен телефондон сүйлөшүүгө да тыюу салынды. Эгер телефон чалгандар болсо, полиция дароо байланышты үзөт. Биз колдонгон социалдык медианын эч кайсынысы Чыныш Түркистанда иштебегендиктен, интернеттен байланышуу да мүмкүн эмес.  Кытай иштеп чыгып, тыгыз көзөмөлгө алган WECHAT колдонмосу аркылуу гана кабарлашчубуз. Азыр ага да тыюу салып, байланыш дээрлик жокко эсе.

Үчүнчүсү бул түрмөгө камоо аркылуу жазалоо. Акыркы убакта алынган маалыматтарга таянсак, түрмөлөр толуп кетиптир. Кытайдын  кыйноолорунан улам адамдар же шейит кетип атыптыр же акылынан тайып атыптыр. Түрмөдө мажбурлап чочко этин жедиришет. Рамазанда орозо кармоого тыюу салынган. Алкоголдук ичимдиктерди зордоп ичирип жатышат.

Кытай өкмөтү уюштуруп жаткан дагы бир иш-чара бул тукумсуздаштыруу. Бала төрөбөсүн деп эркектер да аялдар да бычылып жатыптыр. Эске тутууну жоготуучу дары берилүүдө деген да маалыматтар бар.

Кытай бийлиги кытай менен уйгурлардын туугандыгы долбоору дегенди жамынып ар бир үйгө бирден кытайды жайгаштырууда. Уйгур эркектердин көбү камакта болгондуктан, үй-бүлөнүн турмуш-тиричилигине  жардам берет деген шылтоо менен ар бир үй-бүлөгө кытай эркектери жайгаштырылып жатат.

Кытай бийлиги кытайлардын уйгур кыздарды мажбурлап аялдыкка алуусун колдоодо. Кытай жигиттери уйгур кыздарын зордоп аялдыкка алып жатышат. Уйгур кыздын же ата-энесинин пикири эске алынбайт.

Уйгурлардын тили, маданияты, каада-салтына да чектөө киргизилүүдө. Уйгур тилинде билим берүү мурда эле токтотулган болчу. Эми уйгурча сүйлөөгө да тыюу салынды.

Жаш балдар кытай маданияты менен кичинекейинен сугарылып, түрк экендигибиз тууралуу маалыматтар жокко чыгарылып, унуттурулуп жатат. Ислам динибиз же түрк тегибиз тууралуу кичинекей символ болсо же маалымат берилсе өлүм жазасы же оор шарттагы түрмө күтүп турат.

KyrgyzNews: Ипархан сизге жана туугандарыңызга сабырдуулук жана күч-кубат тилейбиз. Маегиңиз үчүн рахмат! Кыргыз элине кайрылууңуз барбы?

Ипархан Уйгур: Кытайлар Кудайга ишенбегендиги үчүн эч нерседен коркушпайт. Ар кандай жамандыкты коркпой жасай беришет. Бирок, дүйнөгө өздөрүн аябай жакшы адамдар катары таанытып келишет. Ошондуктан алардын жылуу сөздөрүнө, же жумшак күч политикасына алданбагыла. Биздикиндей оор тагдыр силердин башыңарга келбесин!

Чыгыш Түркистандагы уйгурлар үчүн дуа кылууну да унутпаңыздар. Кытайдын зулумуна каршы бизге колдоо көрсөтүңүздөр…!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз