10-майда Австралиянын Голд-Кост шаарында «Спорт-Аккорд» оюндарынын уюштуруучулары тарабынан 2021-жылы Бүткүл дүйнөлүк мушташ өнөрлөрү боюнча «СпортАккорд» мелдешин Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.
Мындай келишимге Мушташ өнөрлөрү ассоциациясынын президенти Фархад Аманкулов жана Эл аралык спорт федерацияларынын глобалдык ассоциациясынын президенти Рафаэль Чиулли кол койду.
Келишим боюнча оюн 2021-жылы 3-9-май аралыгында өтөт. Оюндардын программасында бокс, күрөш, дзюдо, фехтование, айкидо, каратэ, кикбоксинг, самбо, тай боксу, таэквондо бар.
Эскерте кетсек, мындай Бүткүл дүйнөлүк мушташ өнөрлөрү мелдеши 2010-жылы башталып, биринчи жолу Бээжинде, 2013-жылы Санкт-Петербургда өткөн. Быйыл Тайбэйде болот.