Пятница, 19 апреля

Министр оозунан жаңылды

0

Энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте электр энергиясынын тарифи боюнча жаңылып сүйлөп алган. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Адахан Мадумаровго жооп берип жатып 1-майдан тарта калк үчүн 100 киловатт/сааттан ашкандан кийин тариф 2 сом 16 тыйындан эсептелерин айткан.

«Талкуу учурунда министр жаңылып айтып алган. Иш жүзүндө буга чейин бекитилген токтом өзгөргөн жок. Тариф болгону 23 тыйынга гана көтөрүлөт», — деди маалымат кызматы.

Учурда калк үчүн электр энергиянын лимити бар. Эгер айына 700 киловатт/саатка чейин колдонулса 77 тыйын, ал чектен ашса 2 сом 16 тыйын төлөнөт. Өкмөттүн жакында кабыл алынган токтомуна ылайык, 1-майдан баштап тариф 1 сом болот, 700 киловатт/сааттан өткөндөн кийин 2,16 сом менен эсептелет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз