Вторник, 7 мая

Эрдогандын ден-соолугу кандай?  

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган сыркоолоп калгандыгына байланыштуу программаларын токтотуп, дарыгерлердин кеңеши менен үйүндө эс алды. Эрдогандын орун басары, вице-президент Фуат Октай: «Президентибиз ишин улантат. Анын графиктери абдан тыгыз болчу. Ал өзү да айткандай, бир аз суук тийип калыптыр», — деди.

Президенттин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да социалдык медиа эсебинен Эрдогандын ден-соолугуна байланыштуу билдирүү жасады. Ал: «Президентибиздин ден соолугуна карата айтылган ушак-айыңдарды биз такыр четке кагабыз», — деп билдирди.

Алтун билдирүүсүн англис тилинде да бөлүштү.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө: «Кээ бир чет элдик маалымат каражаттарында президентибиздин ден соолугуна байланыштуу адеп-ахлаксыз жалган маалыматтар бар. Президентибиз кызматта. Бир аз эс алган соң программаларын мурдагыдай эле улантат», — деп айтты.

Өмер Челик, президентке дүйнө жүзүнөн жана түрк улутунан келген ден-соолук, бакубатчылык каалоолор жана дубалар үчүн ыраазычылык билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз