Пятница, 17 мая

Эртең Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

0

Эртең, 28-апрелде Бишкекте бош иш орундар жана кесиптер жармакеси өтөт. Анда 6 миңден ашуун орун сунушталат. Тагыраагы, маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жарманкесинде 10 университет, 20 кесиптик лицейлер жана окуу борборлор адистерди даярдоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.

Мектеп окуучулары кесипке багыт берүү тестинин жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн шыктары, тандап алган кесиби жана лицейлерде, колледждерде жана ЖОЖдордо окуу жөнүндө кенен маалымат ала алышат.

Жарманке ошондой эле иш берүүчүлөр менен кесиптик билим берүү мекемелеринин жолугушуусу үчүн аянтча болот.

Жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди алышат.

Иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен жеринде экспресс маектерди өткөрүшөт.

Белгилүү ишкерлер изденүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт.

Жарманке саат 10:00дөн 14:00гө чейин Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз