Четверг, 25 апреля

Ашынган жөөттөр кайрадан Аль-Аксага кирип барышты

0

Израиль аскерлеринин коштоосунда ашынган жөөттөр оккупацияда жайгашкан Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинде тинтүү жүргүздү.

Кудс исламдык фонддор башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, ашынган жөөттөр эрте менен топ болуп Аль-Аксанын короосуна киришип тинтүү жүргүзүштү.

Алар тинтүү учурунда Аль-Аксанын чыгыш аймагында да диний сыйынууларын аткарууга аракет кылышты. Израиль полициясы болсо жөөттөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мечиттин кире беришинде жана ичинде полиция санын көбөйттү.

Ашынган жөөттөр Израилдин «Көз карандысыздык күнүнөн» улам кечээ да Аль-Аксада тинтүү жүргүзгөн.

Израил менен Иорданиянын ортосунда 1994-жылдын 26-октябрында кол коюлган тынчтык келишимине ылайык, Аль-Акса мечити Иорданиянын Иерусалим Ислам Фонддору Башкармалыгынын карамагында. Бирок жөөттөр фонддун уруксаты болбостон эле бат-бат Израиль полициясынын коргоосу астында Аль-Аксада тинтүү жүргүзүп келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз