Воскресенье, 19 мая

«Бүтүн Кыргызстан» өкмөттүн отставкасын талап кылды. Эми эмне болот?

0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы парламентке министрлер кабинетинин курамын толугу менен отставкага кетирүүнү сунуштады.

Буга өкмөттүн Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн — 2023-жылдын 1-январынан баштап эң төмөнкү пенсия, пособие жашоо минимумунан кем болбосун деген норманы аткарбаганы себеп болгон.

Фракция министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган. Чечим төрагага жана тиешелүү тармактык комитеттерге да жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, өкмөт пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан төмөн болбосун деген норма талаштуу деп Конституциялык сотко кайрылган. Депутат Адахан Мадумаров мунун себебин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон сураганда «төлөй албасак өлөлүбү» деп жооп берген.

Натыйжада Конституциялык сот «пенсия, пособие өлкө экономикасынын абалынан көз каранды, жашоо минимумуна жеткирүү боюнча Баш мыйзамдагы норма мамлекеттин сөзсүз аткара турган милдети эмес» деген бүтүм чыгарып берди.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын мындай демилгесинен кийинки кылына турган иштер мыйзамда так жазылган. «Бүтүн Кыргызстандын» мындай сунушун эми Жогорку Кеңеш карап чыгып бир чечимге баруусу керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз