Бишкекте бош орундар жарманкеси өттү (Видео)

0

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде бош иш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү.

Жарманкеде 6000ден ашуун бош иш орундар боюнча маалымат берилди, тагыраагы, маалымат технологиялары, курулуш, тейлөө, жеңил өнөр жай, өндүрүш, транспорт, медицина ж.б.

Ошондой эле жарандар ишке орношуу, жумуш берүүчү менен маектешүүгө даярдануу, кесиптик билим алуу боюнча кеңештерди ала алышты.

Иш-чаранын максаты — окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз