Четверг, 25 апреля

Президенттин аппаратында маанилүү өзгөрүүлөр болду

0

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын бөлүмдөрүнүн башчыларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Жарлыктарга ылайык:

— Бакиров Жетиген Жокинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Аликеев Суйунтбек Сакыевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальнигинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тескемеси менен:

— Исаков Миргазы Маратович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Жалалов Жаныбек Махматалиевич Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Кадрларды ротациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында жүргүзүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз