Понедельник, 6 мая

Жалпы республикалык тестирлөө качан өткөрүлөрү белгилүү болду

0

Жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн 2023-жылы абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 20-майда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Тагыраагы, төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт:

I этап: 20-21-май (19-май – тест-борборлорду даярдоо күнү);

II этап: 23-24-май (22-май – тест-борборлорду даярдоо күнү);

III этап: 23, 24-июнь — жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калгандар үчүн мөөнөтүнөн кийинкиге калтырылган тестирлөө (22-июнь – тест-борборлорду даярдоо күнү).

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 19, 22-май жана 22-июнь күндөрү тест-борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз