Воскресенье, 19 мая

Бишкекте дагы бир мектепте бомба изделүүдө

0

Бишкекте бүгүн саат 14:15 чамасында №33 мектеп-гимназиясында бомба бар деген маалымат түшкөн.

Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо чыгып, мектептин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Мугалимдер жана окуучулар эвакуацияланды. Учурда жеринде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кинологдору иш алып барууда.

Белгилей кетсек, эртең менен бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү №4 мектеп-гимназиясына түшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз