Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтыша кетти.
Депутат тармактык комитет акыйкатчы Атыр Абдрахматованы жүйөлүү себеби жок эле иштен бошотууну колдоп, бирок «Бүтүн Кыргызстандын» министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун четке какканына нааразы болду.
«Акыйкатчынын өзүн чакырып себептерин угалы. Азыр өтө жаман, мыйзамсыз ишке себепчи болуп калышыбыз мүмкүн. Адамдын тагдыры, мамлекеттик институт, конституциялык орган менен иш кылып жатпайбызбы. Бир фракция бошотсун деп койсо бошотуп, анан биздин фракция Конституциянын 44-беренесин аткарбаганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүүгө сунуш киргизсек «жок, болбойт» деп чечим чыгарып атасыңар. Ошол чечимди кабыл алгандар чыксынчы, сурайын, эмненин негизинде четке кагышты», — деди Мадумаров.
Шакиев бул жерде отурган депутаттардын баары сабаттуу экенин айтты.
«Жогорку Кеңеш сабаттуулугун көрсөтүп эле келе жатат, Абдрахматова расмий түрдө чакырылган, өзү келген жок. Өзүңүздүн маалыматыңыз жок болсо эле сындай бересизби», — деди Шакиев.
Мындан улам Мадумаров акыйкатчыны кызматтан кетирүүгө негиз кылып жаткан 122-берене эмне жөнүндө экенин сурады.
«Комитеттин жыйындарына барып ошол жерден сурабайсызбы. Өзүңүз мүчө болгон комитеттен башка комитеттерге такыр катышпайсыз да, анан ушул жерге чыгып акылдуу сөздөрүңүздү айтасыз. Андай болбойт, сиз айтсаңыз эле жараша береби», — деп жооп кайтарды төрага.
Андан соң депутат анын сунушун комитет жабык эшик артында караганын белгиледи. Экинчиден, ошол убакта ал парламенттин чечими менен Өзбекстандагы референдумда жүргөнүн айтып, спикерден сөзүн артка алышын талап кылды.
«Мени кайсы комитетке чакырган болсо катышам, өзүмдүн комитетимде такай отурам. Мен Ташкентте болуп туруп бул жактагы комитетке катыша албайм», — деди Мадумаров.